17.10.2018 12:54

70 миң доллар, алтын зер буюмдар, куймалар, кымбат швейцария сааты. Олжолуу кеткен ууру колго түштү

70 миң доллар, алтын зер буюмдар, куймалар, кымбат швейцария сааты. Олжолуу кеткен ууру колго түштү

Чүй облусунун Новопавловка айылында ири тоноочулук кылган адам кармалды. Ал шериктери менен үйлөрдүн биринен ичинде 70 миң доллар, алтындан жасалган зер буюмдар, алтын куймалар, кымбат швейцария сааты жана бир нече фирманын документи бар сейфти уурдап кеткен. Бул тууралуу Чүй облустук ИИББдан билдиришти.

Маалыматка караганда, Сокулук ИИБине Новопавловка айылындагы үйлөрдүн бирин тоноп кетишкени тууралуу маалымат 12-сентябрда саат 14:00дө түшкөн. Ал жакка барган милиция кызматкерлери  саат 12.00дөн 13.30га чейин белгисиз адамдар пластик терезелер аркылуу үйгө кирип, үй ээсин ири чыгымга учуратканын аныкташкан.  

Тактап айтканда, арам ойлуулар ичинде 70 миң доллар бар сейфти көтөрүп кетишкен. Акчадан сырткары, ал жакта алтындан жасалган зер буюмдар, алтын куймалар, кымбат швейцария сааты жана бир нече фирманын документи болгон. Алдын ала алынган маалымат боюнча сейфтин салмагы 150 кг түзгөн, уурулар терезенин айнегин чагып олжосун чыгарып, унаа менен качып кетишкен. 

Бул факт боюнча 164-берене (уурулук) менен кылмыш иши козголгон. Кошуналардан, жергиликтүү жашоочулардан сураштырып отуруп, уурулук болгон күнү «ВАЗ-2107» жана «БМВ» үлгүсүндөгү бейтааныш унаалар ал жерде жүргөнү маалым болгон. 

Кечээ жакында бул кылмышка шектүү делип Чүй облусунун 27 жаштагы тургуну Щ.А. кармалды. Алдын ала божомол боюнча, кылмышка андан сырткары дагы эки киши катышкан. Учурда алардын өздүгү такталды, жүргөн жерлерин аныктап, кармоо боюнча иш чаралар жүрүүдө.